Тентишев Эркин Саткынбаевич өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Жаңы ыйгарым укуктуу өкүл жамаатка 10-мартта тааныштырылды.
Тентишев бул кызматка 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин дайындалган Мирбек Мияровдун ордуна келди .
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн