Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 20:14
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды

15.10.2020 09:59
790
Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Мирбек Ибаратович Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Мирбек Ибаратович Мияров (1984-жылы туулган) өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Намазалиев Алтынбек Абдисаламович өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн