Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мирбек Мияровдун жоголушу тууралуу жубайы үн катты

30.11.2021 11:30
936
Мирбек Мияровдун жоголушу тууралуу жубайы үн катты

Бишкекте шайлоо күнү "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз жоголгон.


“Кабар” агенттигине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 29-ноябрда маалыматтык веб-сайттардын бирине Мирбек Мияровдун жоголгондугу тууралуу маалымат чыккан.


Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын журналына катталган.


Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кызматкерлери барып, Мирбек Мияров 2021-жылдын 28-ноябрында саат 15:00дөр чамасында шайлоо тилкелеринин биринен чыгып, андан соң унаасы менен белгисиз тарапка кеткен бойдон байланышка чыкпагандыгы тууралуу алгачкы маалыматтарды алган.


Мындан тышкары, Мирбек Мияровдун жубайы милицияга жолдошун издөө иштерин токтотуу өтүнүчү менен кайрылып, эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн