Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Миргүл Темирбаева 3 тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады

22.12.2022 10:44
301
Миргүл Темирбаева 3 тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева 3 тилдүү билим берүү системасын кийирүүнү сунуштады.


Эл өкүлү бүгүн парламентте кайрылуу жасап, Кыргызтанда кыргыз, орус жана англис тилинде окутууну сунуштады. Миргүл Темирбаева бул келечек үчүн, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү деп эсептеп, предметтерди англис тилинде окутууну бүгүнтөн баштоо керек деди.


“Англис тили - илим-билим, технологиянын тили. Албетте, реформа үчүн каражат талап кылынат. Бирок биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок биз кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек. Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты кыргыз орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили - дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили”,-деп белгиледи депутат Миргүл Темирбаев.   


Депутат англис тилинде сабактарды окутуу эффективдүү болорун белгилеп, ЖОЖдорго пилоттук негизде кийирүү, өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн бул өтө маанилүү экенин айтты. Депутат көтөрүлгөн маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги иштеп баштоосу үчүн тапшырма берүү керектигин баса белгиледи.    



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн