Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен барууга белсенип жаткан Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат, вице-спикер Мирлан Бакировдун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген маегинин экинчи бөлүгүн сунуш кылабыз. Мында болсо эл өкүлү 5 жылдык депутаттык ишмердүүлүгү тууралуу айтып, Кыргызстандын экономикалык абалына, чек ара маселелерине саресеп салды.
- Сиз Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттык ишмердүүлүгүңүздү кандай жыйынтыктап жатасыз? Эмне иштерди жасап жетиштиңиз дагы, эмнеге үлгүрбөй калдыңыз?
- Жаңы шайланып келгенде биздин фракция көпчүлүк коалицияга мүчөлөрдүн бири болуп кирген. Ошол кезде Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы болуп бир жылга чукул иштедим. Кесибим финансист-экономист болсо дагы бул комитеттеги төрагалык ишмердүүлүк мага абдан кызыктуу болгон. Себеби биздин калкыбыздын 65 пайызы айыл чарба тармагында эмгектенгендиктен агрардык мамлекет катары эсептелебиз. Бул маселелер менен иштөө мен үчүн абдан кызыктуу болчу, муну менен катар бир топ көчмө жыйындар уюштурулчу. Айтор ушул тармакта мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат десем жаңылышпайм. Мисалы, жер реформасы болгондо 2 миллиондон ашык калкыбыз жер үлүшүнө ээ болгон. Дыйкандарга көп жылдык бак-дарактарды эгүүгө, анын ичинде интенсивдүү мөмө берүүчү алма бактарды өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Объективдүү себептер менен фракция көпчүлүк коалициядан чыккандан кийин жөнөкөй депутат катары алектенип келдим. 2017-жылы декабрь айында вице-спикерлик орун бошоп, үч талапкер: “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Талант Мамытов, “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов жана мен ат салышып, 61 добуш менен утуп, бул орунга дайындалдым. Ошол күндөн бери вице-спикер катары иштеп келе жатам.
- Вице-спикер
катары жыйындарды алып баруу, депутаттарды башкаруу милдетин аркалап келесиз, сиздин
оюңуз боюнча ушул парламент кандай иштеди?
- Эки чакырылыштын депутаты катары айтсам, ар бир
чакырылыштын өзүнүн өзгөчөлүгү, өзүнүн миссиялары болот. Мамлекеттик деңгээлде,
эл аралык деңгээлде стратегиялык чечимдерди кабыл алган учурлар болот.
Жалпысынан алганда, парламенттин табияты ушунда – коомчулук дайыма сындарды
айтып келет. Албетте кесиптештеримди сындоодон алысмын. 5-чакырылыш
парламенттик-президенттик башкаруу системасына жаңы кадам таштаган өзгөчө
чакырылыш болду десем жаңылышпайм. Мурдагы премьер-министрлер, сот төрагасы,
прокуратурада иштеген жана башка тармактагы көптөгөн адистерден түзүлүп, жаңы
системада түзүлгөн өзгөчө курам болгон. Ал эми азыркы 6-чакырылыш болсо
парламенттик-партиялык тизме, пропорционалдык шайлоо, анын ичинде биометрикалык
каттоодон өтүп добуш берүү менен жалпы коомчулук тандап алган партиялардан
түзүлгөн парламент. Азыр дагы ар тармактан келген өкүлдөр бар, балким ишкерлер
көбүрөөк кылышы мүмкүн. Бирок ошону менен катар дарыгер, мугалим жана спорт
тармагынан келген эл өкүлдөрү бар. Жалпысынан алганда, эл добуш берип, өзү тандаган
талапкерлерден түзүлгөн курам иштеп жатат. Анын ишмердүүлүгүнө шайлоочулар
баасын берет, баа берүүгө аз эле убакыт калды.
- Сиз парламенттик башкарууну колдойсузбу же президенттик системаныбы?
- Ар кандай ойлор келет, кээде президенттик башкаруу болсо кандай болмок деп ойлогон учурлар болот. Бирок менин жеке пикиримде толук кандуу парламенттик башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Салыштырмалуу Кыргызстан Орто Азия мамлекеттеринин ичинен бул системаны тез басып өтүп жатат. Келечекте жоопкерчиликти алыш үчүн парламенттеги бир же эки партия көпчүлүк добушту алып, өкмөттүн курамын, программасын бекитүүдө жана башка маселелер боюнча жоопкерчиликти алып, реформаларды жасап жана жыйынтык көрсөтүшү керек.
- Келээрки чакырылыш кандай болот деп ойлойсуз?
- Менин оюм боюнча жаңылануу көп болот. Парламенттин
курамы жана башкалар боюнча көптөгөн өзгөрүүлөр жасалат. Кайра артка кайтсак
кандай болот деп кетенчиктеп же дагы башка эксперимент кылуудан кайтып, ушул
багыт менен алдыга жылышыбыз керек. Туруктуулук эл аралык мамиледе да өзгөчө
ролду ээлейт. Европа Кыргызстанга парламенттик демократиялуу мамлекет катары жогору
баасын берип жатат.
- Чек ара маселесине көп кайрылып жүрөсүз. Акыркы убакта Кыргызстанда чек арага байланышкан көйгөйлөр өтө көп. Бул чечилчү маселеби же кадыресе көрүнүшпү?
- Эгемендүүлүк тарыхыбызды карай турган болсок, убакыттын көпчүлүгүн бийликке жетүү же бийлик талашуу менен өткөрүп ийгендейбиз. Бул партия же бул талапкер бийликке келиш керек деген талашуулар биринчи орунга чыгып, экономикалык, социалдык, чарбалык проблемалар 2-3-орунда калып калгандай сезилет. Далил катары айтсам, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин “Убактылуу өкмөт” аттуу китебин окуп чыктым, анда Эгемендүүлүктү алгандан тартып 2010-жылкы революцияга чейинки кадамдар жазылган. Анда ички саясат менен эле алпурушуп калганыбызга ынандым. Чек ара маселеси абдан назик, дипломатиялык мамилени талап кылган маселелердин бири. Аны чечүү албетте оор. Биздин мыйзамдар боюнча чек араны чечүүнү толугу менен өкмөт алган, парламент такталган чек араны мыйзамдаштырып, ратификациядан гана өткөрүп берет. Президент мамлекет башчысы катары экинчи мамлекеттин президенти менен сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн. Бирок делимитация жана демаркациялоо, чек араны тактоо боюнча түздөн-түз жоопкерчилик өкмөткө милдеттендирилген. Ошондуктан жоопкерчиликти толугу менен өкмөт башчысы алышы керек. Албетте, азыр премьер-министр үчүн оор болуп жаткандыр. Анткени кээ бир жерди алмаштырууга, кээ бир жерди берүүгө бара турган болсо, коомдук пикирлер айтылат, ошондон тайсалдап жатышы мүмкүн. Бирок эртели-кеч чечүү керек, ансыз болбойт. Депутат катары сунушум, чек араларды тактоо боюнча комиссиянын макамын мыйзам менен бекитип берүү зарыл. Анткени комиссиянын туруктуулугу, бир пикирди айтышы, мамлекеттик кызыкчылыктарды жана сырларды сакташы маанилүү. Ошондуктан анын макамы мыйзам менен аныкталышы шарт. Эгерде биз жаңы парламенттин көпчүлүк коалициясына кире турган фракциялардан болуп калсак, албетте бул аракеттерди ишке ашырабыз.
- Кыргызстандын экономикасы пандемияга кандай туруштук берди жана андан кийинки абалы кандай болот?
- Ички булактарды таап, көмүскө экономиканы ачыкка алып
чыгуу аракеттерин көрбөсөк, эртели-кеч сырттан келген гранттар, насыялар
токтойт же азаят. Сырткы карыз ошого жараша көбөйүп жатат. Аны төлөө мөөнөттөрү
да көбөйүүдө, дагы эки эселеп жогорулашы мүмкүн. Бирок жалпысынан айтканда
Кудайга шүгүр бизде потенциал бар. Ошол эле тоо кен, энергетика, айыл чарба,
туризм тармагы жолго коюлуп келе жатат. Ушул потенциалды мүмкүн болушунча ички
булактар менен айкалыштырып, ишкерлерге шарт түзүп, бюрократияларды жоюп,
уруксат кагаздары, экспертиза жана башка волокиталарды жок кылуу керек. Себеби,
кээ бир кагаз иштери ишкерлерди ирээнжитип, тилекке каршы сыртка чыгып кеткенге
аргасыз болушат. Келген инвесторлордон жер алып иштетүү үчүн пара талап кылган
фактылар бар. Мына ушул көйгөйдүн баары акырындык менен санарип системасы жана электрондук
ачык-айкындуулук менен камсыз кылынып, ушуга окшогон кээ бир механизмдерди
сындыруу керек.
- Алдыда парламенттик шайлоо өткөнү турат, ал эми анын дайындалышы тууралуу юристтер арасында талаш пикирлер бар. Сиздин оюңуз боюнча күзүндө шайлоо өтүшү керекпи?
- Конституциялык норма боюнча парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Андан тышкары мыйзамдарда да так жазылган. Кайсы учурда өтпөйт? Эгерде жалпы республика боюнча өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланса. Албетте, бүгүнкү пандемия шартында адамдын коопсуздугу, өмүрү, саламаттыгы маанилүү. Эпидемиологиялык абалга жараша Республикалык штаб жана Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн сунушун бериши керек. Ошого ылайык чечим кабыл алуу шарт. Шайлоо өтпөй калса дагы ар кандай сын пикирлер айтылат, “мөөнөтү өтүп кетти, узурпация болду, легитимдүү эмес парламент” деген сыяктуу. Ошондуктан бул эки ача ойду жарата турган суроо болуп турат.
- Жылда Ысык-Көлгө барып эс алсаңыз керек, быйыл да барасызбы? Деги эле туристтик мезгил кандай болушу мүмкүн?
- Ооба, жыл сайын Жогорку Кеңештин пансионатына барып, үй-бүлөбүз менен 10 күнгө эс алып келчүбүз. Учурда шайлоо жылы жакындап калгандыктан ошого жараша бир чечим кабыл алабыз деп турам. Өзүм 10 күн эс ала албасам да, бала-чакамды алып барам.
Туристтик сезон салыштырмалуу быйыл жигердүү болбой калышы мүмкүн. Бирок ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу керек. Албетте, дарыгерлердин айткан көрсөтмөлөрүн сактап, иммунитетти көтөрүп, көл жээгинде эс алууга неге болбосун? Менин оюм боюнча, сырттан келген туристтердин агымы азайып, аймактардан келген ички эс алуучулардын саны көп болот.
- Үй-бүлө тууралуу айтып калдыңыз, балдарыңызга кандай атасыз?
- Камкор атамын деп эле ойлойм. Балдарымдын, кыздарымдын билим алуусуна, бааларына көңүл бөлүп, аталык тарбиямды, мээримимди берип турганга мүмкүн болушунча аракеттенем. Үй-бүлөмдөн мага карата эч кандай дооматтар жок.
- Жубайыңызга кандай жарсыз?
- Саясатчынын жубайы болуу оор болушу мүмкүн, бирок ал
киши менен башынан эле келишкенбиз, ал менин иштериме, саясатка аралашпайт. Балдардын
тарбиясы, окуусу, кийим-кечек маселелери менен алек болот. Саясатчы болгондон
кийин социалдык тармактар аркылуу ар түрдүү пикирлер айтылып келет, ошол
учурларда өзүнүн адамдык пикирин айтып калат. Андай учурда жубайыма, балдарыма
же туугандарыма түшүндүрөм: “Биз саясатчыбыз, коомдо ар кандай сындар
айтылат. Аны көтөрө билип, кайгыга чөгүп кетпей, мактоо болсо асмандабай
тең салмактуулукта жүрүш керек. Бардыгын убакыт өзү ордуна коёт” деп айтам.
Маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окуй аласыз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн