Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мирлан Бакировдун тууганы үй камагына чыкты

11.02.2021 13:21
921
Мирлан Бакировдун тууганы үй камагына чыкты


"Кыргыз жылуулук коммуналдык энерго" мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаардык филиалынын жетекчиси Төлөн Бакиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Төлөн Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакировдун тууганы экени белгилүү.


Ага ылайык, ал Жалал-Абад шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципиалдык ишканасын жетектеп турганда көчөт сатып алуу боюнча бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирген.


"2020-жылдын март айында тик өсүүчү арчанын бир көчөтүн 2 миң 600 сомдон сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Муниципалдык ишкананын тендердик комиссиясы тарабынан арзаныраак баа сунуштаган жеке компания жеңүүчү деп табылган. Бирок ишкана жетекчилиги өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир даанасы 742 сом турган башка сорттогу көчөттү алып келген. Бул иш боюнча Төлөн Бакиров 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 10-февралда Жалал-Абад шаардык соту баш коргоо чарасын карап, ал келтирилген чыгымды мамлекетке төлөп бергенден кийин үй камагына чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн