Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мирлан Орозбаев: “Жеңиш Жоробеков жаңыча көз караштагы реформатор жетекчи”

30.08.2023 11:52
1740
Мирлан Орозбаев: “Жеңиш Жоробеков жаңыча көз караштагы реформатор жетекчи”


“Улуу журт” саясый партиясынын лидери Мирлан Орозбаев менен ат жалында маек куруп, Оштогу айрым жетекчилерге баа берүүгө жетиштик. 


- Мирлан мырза, Оштогу жетекчилерди жакшы билет эмессиңби. Алгач мэр Бакыт Жетигеновдун ишмердүүлүгүнө токтолсоң?..


- Биринчиден, президент Садыр Жапаров бу кишини кызматка койгон күндөн баштап, айланасындагы иштебей турган кызматкерлерден арылып, тазалаш керек эле. Артка тарткан кеңешчиси, жардамчыларынан арылганы менен ылдыйкы эшелонго жете элек. Толук кандуу иштегенин көрө элекпиз. Мүмкүн өзүн “катуу иштеп атам” таризинде сезип аткандыр, чынында андай эмес. Баягы эле коррупционерлер менен тиги жакка барып сүрөткө түшүп, бу жакка келип тапшырма беримиш этип атат. Жанында Пирматов деген эргул көз боёмочулук кылып жетелеп жүрөт. Аны сезген жок.  


- Ал эми Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Жоробеков кандай иштеп атат?


- Жеңиш мырза жөнүндө бирге иштешкен кызматкерлери мактоого татырлык жакшы сөздөр менен кубатташууда. Мен бу жигитти жакшы билем. Бишкекте ИИМдин борбордук аппаратында иштеп жүргөндө эле өзүнүн зирек ой жүгүртүүсү, тажрыйбасынын молдугу, реформаторлугу менен оозго алынган эле. Облуска келгени аймактардагы, райондордогу көйгөйлүү маселелерди жаңыча көз караш менен жеринде чечүү жагын оң жолго коё алды. Жаңы форматтагы иштер жүрүп атат. Алсак, буга чейин жаш балдар арасында рэкетчилик менен күрөшүүдө   формалдуу түрдө түшүндүрмө гана иштерин кылып келишсе, азыр таасирдүү түрдө театрлашкан сценкалар менен коштолгон маданий иш-чараларга басым кылууда жана оң натыйжасын берип атканын коомчулук да баалоодо. Ошого катар коомдук коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен чечкиндүү күрөшүүдө. Бул жагын да күчөтүш керек. Айтмакчы, Жеңиш Жоробеков өздүк курамдын кем-карчына, чарбалык иштерге да жакшы көңүл бөлөт экен. 


- А президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевчи?


- Негизинен жакшы киши. Тынбай иштеген жагын эл баалап атат. Алсак, Алайкууда мектеп өрттөнүп кетти эле, төрт сааттын ичинде барып, жагдайды өз көзөмөлүнө алды. Ушул сыяктуу райондордогу көйгөйлөргө бара калып, тийешелүү чараларды өз убагында көрүп атат. Дээрлик ыйгарымдуу өкүлдөрдүн ичинен жалгыз Элчибек мырза президенттин ишенимин актап атат деп айта алам. Мындан сырткары, облустун администрациясын жигердүү иштей турган кадрлар менен камсыз кылып атканы да жүрөк жылытууда. 


- Жакында эгемендиктин күнү белгиленет эмеспи. Бу жагынан кандай кошумчаларың бар?


- Айтмакчы, былтыр эгемендик күнүндө губернатор менен Ош шаарынын мэри иштеп аткан жумуштарын ташташып, облусту жетимсиреткендей кылышып, токолдун балдарындай бозортуп башка жакка кетип калышкан. Ошондо соцтармактан түз эфирге чыгып, жаман жорук-жосунду кылгандарын президент Садыр Жапаровго жагдай боюнча кайрылуу кылган элем. Ал кайрылуум президентке жеттиби же Кудайдын буйругубу, айтор, быйыл эгемендик күнүндө президент өзү келип, облустун тургундарын эгемендик майрамы менен куттуктаганы турат. Бу жагынан алып караганда, губернатор менен шаар мэри бактылуу экен. 


Сурат Жылкычиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн