Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Спорт агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Мирлан Пархановго жүктөлдү

26.08.2020 09:14
766
Спорт агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Мирлан Пархановго жүктөлдү

Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Парханов Мирлан Абдивалиевичке жүктөлдү.


Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Мирлан Парханов аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.


Буга чейин «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-ылайык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Аманкулов Канат Маратовичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн