Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мирлан Самыйкожо: Чылпакты алам деп каректи оюп албайлы

26.06.2020 11:46
1479
Мирлан Самыйкожо: Чылпакты алам деп каректи оюп албайлы


Чылпакты алам деп каректи оюп албашыбыз керек. Биз бүгүн фейктерди шылтоолоп, эртең акыйкатты айткандарды чектеп алуудан алыс болсок болмок. Мындай пикирди акын жана журналист Мирлан Самыйкожо “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине кызуу талкууну жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы боюнча комментарий берип жатып билдирди.


Анын айтымында, эгерде акыйкатты айткандарга кысым көргөзүлө турган болсо, эзелтеден келе жаткан сөз сыйлаган, нарк сыйлаган адатты жана сөз эркиндигин ооздуктоо болуп саналат.


Туура, интернетте жайнап чыккан фейктердин бардыгы чылпак жана отоо чөп сыяктуу. Адам эмне үчүн жүзүн жашырат? Ар кандай чагымчыл нерселерди, жаман амалдарды жасаса аты-жөнүн жашырат? Эгерде мыйзам ошого каршы так иштей турган болсо башка нерсе. Эгерде калыстыкты, чындыкты жүзү менен эле айтып атканды жоопко тартып, ооздуктап күчкө салса, анда ага эл чыдабайт жана эл өзү тараза болуп коёт”, - деп айтты Мирлан Самыйкожо.


Ошондой эле ал мыйзам менен азырынча толук таанышпай туруп, бир жактуу сын айтуудан алыс экенин билдирди. Мисалы, фейк экенин ким аныктап берет, маселе ушунда. “Бул жүзүн жашырган фейк экен деп ачыкка ким чыгара алат экен? Мисалы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги муну көзөмөлдөй албайт, укугу да жок. IT-адистер балким анализдеп бере алышы мүмкүн. Ошондой механизмдердин бардыгы көрсөтүлүп, иликтенип так көрсөтүлүп жана элге кедергеси тийбеши керек”, - деп белгиледи журналист.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн