Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мирлан Самыйкожо: Эл суроосуна жооп алышы керек, жоопкерчилик милдетти алган президент бар (видео)

28.09.2022 11:54
1254
Мирлан Самыйкожо: Эл суроосуна жооп алышы керек, жоопкерчилик милдетти алган президент бар (видео)

Мирлан Самыйкожо парламенттин 28-сентябрдагы жыйынында атайын кайрылуу жасады.


Анда соңку кездери мыйзам чыгаруу органына чоңсунгандар, жаманатты кылып, басынтуу аракеттери көбөйгөнүн билдирди. Буга байланыштуу ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырды.

Депутат Жогорку Кеңештин  «кудайлары» көбөйүп бара жатканын, парламенттин үстүндө эл менен Кудай гана турушу керектигин белгиледи.


"Параменттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда, жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Азыр аны дагы бир кесиптешибиз ачыктап көрсөтүп берди. Парламентти басынтып, жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан, эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз элдин ырысы менен келечегинен корколу", - деди Самыйкожо.


"Ансыз деле "жал-куйругу" кыркылган парламентти ого бетер басынтып, жаман көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан эч кимдин "этегине намаз" окубашы керек. Урматтуу калк, силердин турмушуңар менен өлкөнүн тагдырын өз мойнуна алган мамлекет башчы бар. Силер кароосуз калган калк эмессиңер. Ар бир сурооңорго жооп алышыңар керек. Анткени бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет деп президенттик башкарууну тандагансыңар. Баткендеги шалаакылыкка, кайдыгердикке сөзсүз жооп берилиши керек. Урматтуу президент, чындык ачуу болот, чыдагыла. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, биздин үндү туура, так жеткирсин деп эл бизди шайлап берген. Эл бизди жабык жыйындарды өткөрүп, жабык жармаңке курсун деп добуш берген эмес. Ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Бирок кечээки окуяларды кантип жашырабыз? Купуя деп биз жашырганыбыз менен чек арада чеп болуп турган элдин көзүн таңып, оозун баса алабызбы? Чар-жайыт иш алып барган чалгындоо ишине ким жооп берет? Урматтуу президент, керек болсо мамлекеттик жетекчилерди алып, парламентке келип жогоруда айтылган маселелерге жооп алып беришиңиз керек деп чакырып кетем. Эл ушуну күтүп жатат. Болбосо эл үчүн жасап жаткан аракеттериңиз, маяна, пенсияны көтөрүү, мектеп-ооруканаларды куруу өңдүү иш-аракеттериңиз кумга сиңген суудай кургайт",-деди Самыйкожо.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн