Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Аялуу катмардын пенсиясы, жөлөк пулу туруктуу болушу керек”

17.10.2023 11:43
212
Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Аялуу катмардын пенсиясы, жөлөк пулу туруктуу болушу керек”


- Мирлан мырза, үч депутат “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “КР мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатасыздар. Анын маңызы эмнеде?


- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар да. Алар аялуу катмарга кирет. Алардын пенсиясы, жөлөк пулу туруктуу болуп калышы керек. Бир аз эмгекке жарамдуулар жеңил жумуштарда иштешет экен. Мисалы, күзөтчү болуп, же шоро сатып. Анан соцфонд аркылуу алардын айлык алганы белгилүү болгондо 6800 сом пенсия алган майып иштеген киши катары дароо 400 сом алып калат. Ошондуктан, биз тандоого коюп атабыз. Мен өзүмдүн мурунку жөлөк пулумду алам десе, аны алат, иштеп жаткан айлыгын да алат. Биз мыйзамга өзгөртүү киргизип, бүгүн биринчи окуудан өткөздүк.


- Өкмөттүн өкүлдөрүнүн айтымында, алардын бир аз оңдоолору бар окшойт...


- Алар редакциялык мүнөздө гана, орун алмашуулар эле. Башкы эсептөө боюнча бул жерде 17 миллион сом керектелет. Анан дагы бир аз акча тыйын керек болот. Биз “булар аялуу катмар, анчалык көп эмес, ошолорго калтырып бергиле, айлыгын да, жөлөк пулун дагы ала берсин” деп сунуштап жатабыз.


- Аз эле деп атпайсызбы, алардын так саны канча?


- Статистика боюнча, бала кезден мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 650 адамдын тегерегинде. Бул көп деле эмес.


- Анда мыйзамдын кабыл алынышына тоскоолдук деле жок турбайбы?


- Тоскоолдук болбойт. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн