Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Депутаттын көрүнгөн эшикти тээп кирүүсү – өтө осолдук”

25.09.2023 17:09
274
Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “Депутаттын көрүнгөн эшикти тээп кирүүсү – өтө осолдук”


- Мирлан мырза, сиздин бир жолку жыйналыштагы “депутат бололу, же блогер бололу” деген сөзүңүз чоң талкууну жаратты. Демек, сиз депутаттык ишмердүүлүктүн андай формасына каршы экенсиз да?


- Мыйзамды көзөмөлдөө функциясы бар бизде. Блогерлердики болсо башка болот. Алар жанагындай ашканага киришет, ооруканага, төрөт үйлөрүнө кирип кетип атышат. “Биз депутатпыз” деп эле көрүнгөн эшикти тээп кирүү – өтө осолдук. Жөнөкөй адамгерчиликтен алып карап көргөндө деле.


Кайратың тоону бузса да,

Кашыгың көлдү сузса да.

Оозуңан чыккан сөзүңө 

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен бийиксин,

Элден чыксаң кийиксин! - деп атпайбы. Өкмөт мүчөлөрү да эл. Мен бул жерден өкмөт мүчөлөрүн колдоп, же коргоп аткан жерим жок. Жөнөкөй адамгерчиликти карап көрөлү. Андан кийин анан статуска өтүшүбүз керек да. Кандай болгон күндө деле адам катары жөнөкөй сүйлөшүш керек. Анан такыр болбосо бул жерде микрофонуң турат, ушул жерден айтсак болот. Кагаз сүйлөөгө тийиш. Бүгүнкү күндө өзүбүз эле сүйлөй бербей, кагазды сүйлөткөн коомго жетишибиз керек.


- Бирок токтомдору, чечимдери аткарылбай калып жатканын парламент өзү да моюнга алып жатпайбы. Анда кантиш керек?


- Токтомдор, чечимдер аткарылбай кала турган болсо, жанагы көзөмөлдөө фунциясы эмнеге берилип атат бизге? Ошон үчүн берилип атат да. Аткарылбай калса, жыйынга алып чыгалы. Комитет, фракция деген бар. Комитеттен алып чыгалы, фракцияга чакыралы. Ошентип, ар бир нерсенин өз жолун тапсак болот. “Аткарылбай калды” деп эле жанагынтип бара берсек, андан аткарылып кетпейт. Муну мыйзамдуу түрдө, өз жолубуз менен көрсөтүп беришибиз керек. Өз нугу бар да. “Отунду деле бир акылдуу, бир акылсыз жарат” дейт го. Акылсыз балтаны ура берет, отун сынбайт. Акылдуу келип, ыгы менен, нугу менен жарса, отун жарылат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн