Бугу 22, 2024
Убакыт: 04:00
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Мирлан Жеенчороев шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талап кылууда

13.07.2020 15:25
1216
Мирлан Жеенчороев шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талап кылууда


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талап кылып жатат. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирген.

Анын ою боюнча, азыркы абалда шайлоо компаниясына даярдык көрүп, үгүт иштери менен алектенишүүдө жана шайлоого 800 млн сомду коротуп жатышат. Бул каражатты коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жана пневмония илдетин дарылоочу стационарлардын ишин жакшыртууга жумшоо керек.

Борбордук шайлоо комиссиясына түшүнбөй турам, илдетти жуктурган 40-50 киши катталганда беш шаарда жана 25 аймакта жергиликтүү кеңештерди шайлоону жылдырууну суранган. А бүгүн пандемия өлкөнүн бардык жеринде кулачын жайып, өзгөчө абал чарасын кабыл алуу керек болуп турган чакта унчукпай отурат”, - дейт Жеенчороев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн