Бугу 23, 2025
Убакыт: 01:13
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды

16.01.2024 15:30
639
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды


Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кайрадан көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү аталган жолдун 88-89-чакырым аралыгына түшкөн. Көлөмдөрү такталууда.

Учурда министрликке караштуу №26 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалап жатышат.

Белгилей кетсек, 16-январга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, тынымсыз тазалоонун натыйжасында эртең менен саат 08:20да жол ачылып, каттам жанданган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн