Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 11:57
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстан боюнча беренеге өзгөртүү киргизбөөнү сунуштады

03.07.2022 11:39
571
Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстан боюнча беренеге өзгөртүү киргизбөөнү сунуштады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү Конституциянын беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштады.

Sputnik Өзбекстан жазганына караганда, президент Нукус шаарына барып, Жокаргы Кенестин депутаттары, аксакалдары жана активисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Мирзиёев Конституциянын 70, 71, 72, 74, 75-беренелерин өзгөртүүсүз калтыруу зарылдыгын белгилеген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген референдум өткөрүүнү сунуштаган. Буга чейин ал 2022-жылдын декабрына карата Конституцияны жаңылоо демилгеси менен чыккан. Июндун соңунда мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу палатасы биринчи окууда колдогондон соң, жалпы элдик талкууга коюш үчүн текстин жарыялашкан.

Парламенттин чечиминен улам долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүүнү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.

1992-жылы кабыл алынган Өзбекстандын азыркы Конституциясы 128 беренеден турат жана ага 15 жолу өзгөртүү киргизилген.

Өзбекстандын ИИМи билдиргендей, жума күнү Нукуста Конституциялык реформаларды туура эмес түшүнүп алган айрым жарандар пландалбаган митинг өткөрүшкөн. Кийин алар дехкан базарынын аймагына топтолушкан. Мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн тартип сакчылар тийиштүү чара көрүшкөн. Натыйжада абал турукташып, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн