10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий иш сапары менен Душанбеге келди. Аэропорттон президент Эмомали Рахмон өзү тосуп алды.
Эки президент аэропорттон чыгып жаткан учурда Мирзиёевдин "Бул анык эле чагымчылдык болгон. Алар бизди..." деген сөзү тажик каналдарына түшүп калган.
Өзбек президентинин бул сөзү талкуу жаратып, аны ар ким ар кандайча талкуулап жатат.
Айрымдар аны президенттер жубайы тууралуу айтышты десе, айрымдары кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн