Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:45
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Мирзиеёвдин президенттикке келиши менен эки элдин коңшулук мамилеси бекемделүүдө, - Жээнбеков (фото)

12.06.2020 08:48
1361
Мирзиеёвдин президенттикке келиши менен эки элдин коңшулук мамилеси бекемделүүдө, - Жээнбеков (фото)


ЕАЭБ өлкөлөрү менен катар Кыргызстан жакынкы коңшулар, анын ичинде боордош Өзбекстан менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө, экономикалык карым-катнашты чыңдоого ынтызар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Араван районунун эли менен жолугушуусунда билдирди.  

Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык деген кыргызда жакшы сөз бар. Кыргыз эли менен өзбек эли кылымдар бою коңшулаш, ынтымакта жана достукта жашап келишкен. Ата-бабаларыбыз эки элдин ынтымагын аздектеп сактап, туугандык, кудалык менен бекемдеп келген. Эки өлкө бири-бири менен географиялык жактан гана жакын болбостон, биздин тарыхыбыз бир, динибиз жана тилибиз бир, салт-санааларыбыз окшош, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент акыркы жылдарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык гана эмес, маданий-гуманитардык мамилелер дагы жигердүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Шавкат Миромонович Мирзиеёвдин президенттик кызматка келиши менен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамиле бекемделүүдө. Биз мындан ары да коңшулук, эки тарапка тең пайдалуу мамилени сактоого умтулабыз, бардык маселени чечебиз, ага сабырдуулук жана убакыт гана керек. Биздин балдардын, биздин өлкөнүн келечеги үчүн коңшу мамлекеттер менен достукту бекемдөө саясатын улантабыз», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн