Баш оона 22, 2025
Убакыт: 03:23
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Мишустин СССР мезгилинен бери келе жаткан 450дөн ашык токтомдор менен буйруктарды жокко чыгарды

18.06.2020 11:53
1398
Мишустин СССР мезгилинен бери келе жаткан 450дөн ашык токтомдор менен буйруктарды жокко чыгарды


Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин СССР жана РСФСР мезгилинен бери келе жаткан 450дөн ашык токтомдор менен буйруктарды жокко чыгаруу жөнүндө токтомго кол койду.


Алардын эң эскиси 1946-жыл менен белгиленген “СССР саламаттыкты сактоо министрлигинин “Рентгенологиялык жардамды жакшыртуу жөнүндө” буйругу болуп эсептелет. Жокко чыгарылган документтердин арасында 1988-жылдан бери күчүн жоготпой келген ички жана эл аралык авиакаттамдарындагы меню жөнүндө буйрук да бар.


Сөз болуп жаткан токтомдор менен буйруктар өлкөнүн укуктук базаларынан 2020-2021-жылдарда этап этабы менен чыгарылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн