Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Миталип Мамытов: “Уу коргошунду фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң”

22.04.2021 18:57
963
Миталип Мамытов: “Уу коргошунду фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң”


- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча билдирүүсү катуу талкууланууда. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?


- Уу коргошун боюнча менин пикирим оң эле. Болгону ошону жакшынакай кылып өзүнүн жолу менен сергектикти сактап, медицинада айтылгандай дозасын бекемдеп, керек болгон ооруга берилсе, жардамы болушу мүмкүн.

Эгерде көп кишиге колдонула турган болсо, медицина жагынан текшерип,  фармацевтикалык компаниялардан текшерүүдөн өткөрүп, андан соң колдонууга болот. Жөн эле бере бергенде туура эмес жолго түшкөн болуп калабыз. Ошондуктан баарын өз жолу, өз эрежеси менен кылбасак, же бир аз эле дозасынан каталык кетип калса кооптуу. Ошондуктан фармацевтикалык мыйзамга салып, тууралап берген оң. 


Айрыкча онкологиялык ооруларга башка эч нерсе жардам бербей калганда гана ошондо колдонууга болот. Айла жок болгондо гана берилет. Эгер маасалык түрдө берилчү болсо, эксперимент катары колдонуп көрүп, мыйзамдаштырып, катуу көзөмөл менен гана колдонгон оң (!) деп эсептейм.


 Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн