(Профессор, нейрохирург Миталип Мамытовдун бейнесине сүртүмдөр)
Мен Миталип аке жөнүндө көптөн бери жазсам деп такыр эле ыңгайы келбей же шарт болбой жатты. Азыр жыл аяктап баратканда атайын кайрылып аракет кыла баштадым. Миталип Мамытовичтин профессионалдык жагдайы, ал киши жасаган уникалдуу операциялары жөнүндө кимдер гана жазбады, кимдер гана суктанбады, ыраазылык сөздөрүн айтпады! Бул жөнүндө толгонтокой макалалар, атүгүл китептер да жазылды. Ошолордун бирин гана бул жерде келтире кетейин.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, саясый илимдеринин доктору, профессор, мен өтө сыйлаган Каныбек Иманалиевдин Миталип Мамытович жөнүндөгү материалы оригиналдуулугу менен коомчулукта канча кызыгууну пайда кылды.
Ар тараптуу талантка ээ Миталип акенин кайсы бир жагын жазсам деп жүргөнүмдө, быйыл Миталип Мамытович бизди таңгалдырып дагы бир уникалдуу иш жасады. Ал кишинин калеминен Социалисттик эмгектин Баатыры, Кыргыз Эл Баатыры, академик Тургунбай Садыковдун баш сөзү менен “Гениальность – корона мудреца, духовность безумца” деген ажайып аталыштагы китеби жарык көрдү. Кыргызча аталышына ар түрдүү варианттарды карап, “Акылмандык таажысы – даанышмандык, алаңгазардык акыл ою” десе болот го дейм. Өзүмчө которуп койдум. Бул китепти кайракайра окуп, академиктин бул эмгеги азыр интернет жана телефондогу телеграфтын тили менен гана сүйлөшүп калган жаштарды (жалпы эле адамзатты) руханий жактан кыйла байытат го деген ойго келдим. Анан ушул эмгек тууралуу жазсам деп толгонуп жүрдүм.
Миталип аке бул китебинде Демокрит, Сенека, Аристотель, Сократ, Платондон баштап, Конфуций, Сальвадор Дали, Генрих Гейне, Томас Эдисон, Исаак Ньютон, Иммануил Кант, Моцарт (баардыгын тизмелеп чыгыштын кереги жоктур), өзүбүздөн Саякбай, Манас, Чыңгыз Айтматовдордун айткан-дегендери менен даанышмандыктарын байланыштырып, гениалдуулуктун көп кырларын жана аны мээдеги өзгөрүүлөр менен кандай өтмө катар карым-катнашын нейрохирургдун көзү менен илимий булактар аркылуу кынтыксыз чагылдырат. Ошол эле кезде автор кыргыз жазуучулары айтып жүргөндөй, Москвадагы “Чыңгыз Айтматов окуган окууну” бүткөн жазуучудай эле көркөмдүк жагы да адамды таңдантат. Мына ушуларды сыдыра көздөн өткөрүп, эгер Миталип аке мээге операция жасаган, “мээ менен сүйлөшкөн” чыгаан нейрохирург врач болбогондо Айтматовдун деңгээлиндегидей эле жазуучу болмок экен (!) деп “он ойлонуп, тогуз толгонуп” жүрсөм, академик Абдыганы Эркебаев бул китеп жөнүндө “Слово Кыргызстан” гезитине орус тилинде мен кыялданып жүргөн ойлорду кыябына келтире жазып салыптыр. Сын жагынан жана саясатта да эч кимге окшобогон Эркебаевден кийин “нечего делать” дедим да, “эми Миталип аке жөнүндө айта турган” жаза турган эмне калды?” деп баш деле ооруткан жокмун. Анткени, биз, инилери көпчүлүктөн айырмаланып, Миталип аке менен үй-бүлөлүк, турмуш-тиричилик жагдайларда көп жолугабыз, жакындан билебиз да. Ошолор жөнүндө эле сөз учугун улайын деп чечтим.
Ноокат району өтө чоң район болгондуктан биз көпчүлүгүбүз бирибирибизди тааныбай эле, байланышпай эле жүргөнбүз. Болжолдуу түрдө өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын ортолору болсо керек, раматылык Камбар аке Бобулов, Мэраждын аке Зулпуевдер баш болушуп, алгачкы жолу чогула баштадык. Ага чейин деле бирибирибизди алыстан билип жүрсөк деле мындай “боор батырган маектешүүлөр” болгон деле эмес. Мен ошондо биринчи жолу Миталип акени көрүп, сухбатташкам. Эң кызыгы, мындан кырк жылдай мурда Миталип аке кандай болсо, азыр да ошондой эле. Ошондо эле ушундай тамашасы, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, атүгүл турган турпаты, кыймыл аракети, лезгинкасы дагы. Биз, инилери курсактарыбыз чандайып чыгып, катуурак кыймылдап койсок энтигип баса албай калдык. Эми андан бери канча заман өттү, канча суулар акты... Алган орден-медалдар менен сыйлыктарын айтпай эле коёюн, ал көп убакытты алат. Ал ортодо Жогорку Кеңешке депутат болду, министр болду. Кайсы кызматты ээлебесин, өзүнүн пландуу операциясын такай жасап жүрдү.
Эми Миталип Мамытовичтин жөнөкөйлүгүнөн бир-эки эпизодду эскере кетейин. Депутат демекчи, Кудайдын амири менен 1995- жылы Миталип аке Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына, мен Мыйзам чыгаруу палатасына депутат болуп калдык. Эми эл депутатка ар түрдүү маселелер менен кайрыла берет эмеспи. Мен ал кездеги саламаттык сактоо министри Накен Касиевге кайрылып, бир бейтапка акы төлөп жасала турган операцияны аксыз жасаттым, дагы бирөөгө табылгыс дарыга жардам бердим. Менин округумдан дагы бирөөнү кардиологияга шашылыш жаткырыш керек болуп калды. Касиевден кайра-кайра эле сурана бербей, Миталип акеге айттым. Миталип аке “болуптур, келе бер, жаткырабыз” деди. Бейтап адам туугандары менен кардиология борборунун Логвиненко жагындагы кабыл алчу жеринде турат. Миталип аке келди. Ал кишинин ишине жакын эле. Мен ойлоп жатпаймынбы, “Миталип аке врачтардын бирине дайындаса керек, азыр кезигип туруп, дайындап эле кайтабыз” деп. Жок, Миталип аке чоң кезектин артына туруп калды. “Миталип аке, бирөө-жарымга дайындабадыңызбы?” десем, “жок, адам аз эле экен, азыр жетебиз, жаткырабыз” дейт. Экөөбүз ошентип кезекте туруп калдык. Ушул кезде Кудай жалгап бизди тааныган бир врач жигит өтүп баратып (ошол жерде иштеген) “ой байкелер, эмне турасыңар?” деп калды. Биздин максатыбызды уккандан кийин “ой байкелер, болду, мага эле айтып койбойт белеңер, мен жаткырам” деп бейтапты алып калды. Ойлоп коём да, “телефон менен эле бирөөгө дайындап койбойбу. Тооба, ушундай да жөнөкөй болобу” деп.
Дагы бир эсимде калганы, ошол депутаттык жылдары күн кечтеп Оштон Ноокат аркылуу үйгө Тактекке кетип жаткам. Райондун борбору Ноокаттан Кызыл-Кыяга чыга бериште жолоочу адамдар дайыма кол көтөрүп турган болот. Ошолорду карап өтүп баратсам, жарыктык Миталип аке кол көтөрүп турат. Дароо машинаны токтотуп, жүгүрүп түшүп, “ой Миталип аке, бу кандай, машина жокпу?” десем, “бир иштер менен акимге кирдим эле, “таштап коёлу” дегенинен болбодум, “бу жерде машиналар тынбай өтүп турат эмеспи, попутный менен эле кетип калам” деп болбой койдум” дейт. Эми булардан башкараак мазмундагы дагы бир окуяны кыстара кетейин. Жакында көзү өтүп кеткен таланттуу хирург досум Абдрасул Калжакеев бир күнү атайын келип, “Жолборс жүрү, агаң Миталип Мамытович менин бир карындашыма баа койбой жатат. Баа албаса окуудан айдалат, жардам бер” деп калды. Мен эч ойлонбостон, “жүрү, азыр эле барып койдуруп берем” деп экөөбүз медакадемияга заматта келдик. Ал кезде Миталип аке декан болсо керек эле, киргенде эле жакшы тосуп алып, адаттагыдай эле аркы-беркиден тамашалап сүйлөштүк, анан келген себебимди айттым. Болбойт. Тиги жагынан, бу жагынан айтам болбойт. Акыры “Миталип аке, сиздин канча карындаштарыңызды ПИРЯЛда окуттум, сиз эми ушу колуңузда турган болбогон ишке макул эмессиз” деп катуулап да айттым, болбоду. Акыры аргам түгөнүп, “ректор айтса коёсузбу?” десем, “эми ректор айтабы-айтпайбы билбейм. Эгер айтса коём да, ал ректор да” деди. “Анда кетпей туруңуз” деп түз эле Мырзалиевдин кабылдамасына бардым. Жолдо проректор Акылбек (ал да жакшы санаалаш достордон эле) Абдрасул менен сүйлөшүп турган экен, “ии, агаң койбойм дедиби?” дейт тамашалап. Мырзалиевде эч ким жок экен, дароо эле кирдим. Ал киши да саясаттан тиги-муну сүйлөшүп, анан “эмне жумуш менен?” дегенде, келген себебимди, Миталип аке менен болгон сөздөрдү айттым. “Азыр эле звандасаңыз, койсун” деп да жибердим.
Ал киши да бир топ ойлоно түшүп, “да-а, анда мындай кылалы, мынабу кабылдамадагы кыз бир же эки айгабы бир жакка кетет экен, ошонун ордуна иштеп турсун. Ушул жерден даярданып тапшырат, анан кайра восстановить этип коёбуз, ушундай кылалы. Тартип ушундай, айтсам деле болот, бирок тартипти сактайлы. Эчтеке эмес, бул жерде иштеп турат, сабагына да даярданат” деди. Чыксам Акылбек менен Абдрасул “эмне болду?” деп турушат. Барып Миталип акеге айтып коюп эле, таарынгандай түр менен кетип калдым.
Кийин бул окуяны көпкө чейин ойлонуп, ошондо Миталип акенин туура кылганына ынандым. Андан бери чейрек кылымдан көп мезгил өттү, азыр медакадемияда абал кандай экенин жакшы билбейм, бирок ошондогу окуя азыр да эсиме түшсө, Миталип акеге болгон урматым ого бетер күчөй түшкөнсүйт. Баардык мугалимдер ушундай принципиалдуу болсо кана! Эгер ошондо “келип калыптырсың, Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык маселелер боюнча (буга билим берүү жана илим да кирет) комитеттин төрагасы” деп шак эле бааны коюп бергенде, азыр кичине башкачараак ойлоп калат элем. Бүгүн биздин медакадемиянын аброю бар болсо, анда Миталип Мамытовичке окшогон өз кесибинин фанаттарынын аброюнан келип түзүлөт го деп ойлойм.
Урматтуу Миталип аке! Сиз артыңыздагы жаштарга маяксыз. Бирөөгө сиз филигранный уникалдуу операция жасаган устазсыз, дагы бирөөгө пайгамбардай болгон акылгөй адамсыз, дагы бирөөгө жакшы мугалимсиз. Ал эми бизге сиз менен саламдашып, даамдаш болгонубуздун өзү эле чоң бакыт! Жыл аяктап баратканда, анүстүнө туулган күнүңүздүн арасында сиздин бейнеңизге айрым гана сүртүмдөр тууралуу сөз учугун уладык. Биз сизге карап түздөнөбүз. Бар болуңуз, Миталип аке!
Жолборс Жоробеков
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн