Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Митинг жана коррупция: Бошот жана кама!

02.06.2021 10:16
1481
Митинг жана коррупция: Бошот жана кама!


1990-жылдардын аяк чендеринен тарта эле Кыргызстанда өзгөчө бир өнөкөт пайда болду. Кайсыл бир чиновник, саясатчы кылмышка шектүү болуп камакка алынса эле, «Эл уулуна боштондук!», «Саясий куугунтук болбосун!», «Ак ийилет, бирок сынбайт!» деген сыяктуу плакаттарды колдоруна кармап алып, митингге чыгуулар башталат. Алтургай апталап жол тосуп отуруп алган аялдарды көргөнбүз. Кан жолдун дал ортосуна боз үй тигип жатып алышып, күнүнө куурдак кууруп курсак тойгузуп жаткандар болгон.


Ошол убакта бийлик башында тургандар «Качан кыргыздын жигиттери аялдардын этегине жашынчу эле?» деп өзүнүн оппоненттерин уяткарып да көрүшкөн. Кийин тагдырдын ташы айлан-көчөк атып, өздөрү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган болуп калганда, эч тартынбай эле аялдардын «этегине» жашына алышты. Айтор, бул жагы бир жагынан комедия, экинчи жагынан трагедия.


Ушул күнгө чейин коррупцияга байланыштуу канча саясатчы камакка алынган болсо, ошончонун дээрлик баары үчүн митингге чыккандар болду. Бир жагынан «Муну камаш керек, бул анык коррупционер»» деп митинг уюштурушса, экинчи жагынан «Бул чыныгы элдин уулу, аны ак жеринен камап жатышат» деп митинг уюштурушту. Ар кимиси өздөрүнүн чындыгын бийликке жана элге таңуулагылары келет. Митингдеги койгон талаптары менен соттун чечимдерине басым жасоону ойлошот.


Митингчилер да талапты этап-үэтабы менен койгонду билишет. Адегенде «Үй камагына чыгаргыла, ал эч жакка качпайт, улам чакырып эле сурап, териштирсеңер болот» деген талапты коюшат. Эгер алардын бул талабы аткарылып калса, экинчи этабына өтүшөт. «Сот актаган чечим чыгарат деп ишенебиз, себеби анын күнөөсү жок» дей башташат. Эгер сот аны күнөөлүү деп таап койсо, анда митинг «чоңоё» баштайт. «Эл өзү эле келип жатат, эл анын акталышын талап кылып жатат» дешет.


Ушундай өнөкөттөн улам ушул күнгө чейин бир дагы коррупцияга шектелген саясатчы татыктуу деңгээлде жазасын ала элек. Анан кайра өзүбүз «Чоңдор эч тойбой койду, коррупция жоюлбас болду» деп кейип-кепчийбиз. Өзүбүз коррупцияга шектелгендерди коргоп чыга берсек, коррупциянын жоюлбай жатканына кимди күнөөлөйбүз?


Акыркы 3-4 күндөн бери «Кумтөр» долбооруна байланыштуу түзүлгөн келишимдердеги коррупция боюнча бир катар экс-чиновниктер, депутаттар, экс-депутаттар суракка чакырылып, бир тобу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анан дароо эле алардын тарапташтары соттун имаратынын алдына жыйылып, «боштондук!» деп кыйкырууга өтүштү. «Бул таза саясатчы, чыныгы элдин уулу» деп кыйкыра баштадык. Эмне үчүн алардын таза экенин соттун мыйзамдуу териштирүүсүнө салгыбыз келбейт? Эмне үчүн дайыма эле митингдерди уюштура беребиз? Эмнеге 100 адам чогулса деле, 5000 адам чогулса деле «Эл талап кылып жатат» деп кыйкырабыз? Кыргызстанда 6 миллиондон ашуун калк бар экенин эмнеге унутабыз? Ошол 6 миллиондун жарымысынан көбү 18 жаштан өтүп калышканын эсепке алганда, ошончо адам көчөгө чыгып алса, анда элдин талабы деп айтканга болот эле. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин өткөн митингдерде эң көп дегенде 10 миң адам чогулат. Айрым учурларда 1000-2000 адамдын талабы менен эле маселе чечилип калат. А калган миллиондогон жарандын «Баары мыйзамдын чегинде гана чечилиши керек» деп унчукпай отурганын эмнеге эске албайбыз?


Деги эле коррупцияга каршы күрөштү митингдер менен коркутуп, митингдер менен басып отурсак, качан коррупциясыз өлкөдө жашай алабыз?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн