Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Т.Исмаилова: Журналисттерден жана сөз эркиндигинен колуңду тарт (видео)

25.06.2020 11:45
1097
Т.Исмаилова: Журналисттерден жана сөз эркиндигинен колуңду тарт (видео)


"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы Бишкек шаарында өтүп жаткан митингде катышуучулар көбөйүүдө.


Учурда Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясына келгендер жүздөп саналат.


“Бул мыйзам эмес, бул плагиат. Мыйзамды кабыл алганга каршыбыз. Уят. Гүлшат Асылбаева мандатыңы тапшыр”, - деп катышуучулар ураан чакырышууда.


Активисттердин айтымында, митинг алдын ала болжолдонгон эмес жана алар акция учурунда мыйзам долбоорунун демилгечисин отставкага кетирүү талабын коёт.


Ал эми митинге келген Төлөкан Исмаилова Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн жүздөгөн адамдар курман болгонун эстен чыгарбоо керектигин айтат.


“Бул сөз эркиндигине жана көз карандысыз маалыматка болгон кысым. Эгерде элдин сөз эркиндигин алып койсо, анда Түркмөнстан сыяктуу чектелип калган өлкөлөрдөй кыйналып калабыз. Кыргызстан Борбор Азияда Армения жана Грузия сыяктуу ийгиликтүү боло алат. Өзүңү эркин жана укугу бар жаран сезүү үчүн сөз эркиндиги эң зарыл нерсе. Ошондуктан биз бүгүн, журналисттерден жана сөз эркиндигинен колуңду тарт деп айткыбыз келет. Сөз эркиндиги үчүн 2010-жылы жүздөй адам курман болгон. Ата-бабаларыбызда “баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп айткан”, - дейт катышуучу





 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн