Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Митингде ок тийген кыз ооруканадан чыкты

03.03.2020 12:01
633
Митингде ок тийген кыз ооруканадан чыкты


2-мартта камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен чыккан митингчилерди таратуу учурунда резина октон жаракат алган кыз ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин жардамын алган кыздын көкүрөк клеткалары жабыркаганы маалым болду. Өзүн жакшы сезип, ооруканада кармалууга себеп жок болгондуктан үйүнө коё берилген.    


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, митингден кийин массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран милицияга жеткирилди. Алардын 162си өздүгү такталгандан кийин бошотулган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Белгисиз!
Байкуш кыз. Жөн жерден эле аралашып калса керек)