Бүгүн, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтындагы митингде жаракат алган Тилек Токтогазиев эс-учуна келди. Бул тууралуу анын тарапташтары
билдиришти.
“Ал башынан жаракат алган. Анын абалы туруктуу деп бааланып жатат”,
- дешти алар.
Буга чейин "Ата-Мекен" партиясынын депутаты Элвира Сурабалдиева Тилек Токтогазиев катуу жаркат алып, жандандыруу бөлүмүндө экенин билдирген болчу.
Белгилей кетсек, “Ала-Тоо” аянтында митинг болуп жатканда белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан. Андан кийин ок атылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн