Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Митингдерге “дирижерлук” кылууну кыялданган “чыйпыт генерал”

11.10.2021 19:18
1108
Митингдерге “дирижерлук” кылууну кыялданган “чыйпыт генерал”


Изкубарлар Сыймык Жапыкеевдин 17-сентябрга чейин Раиса Атамбаевга жолугууга аракет кылганына кызыгышып, туулган күндө өтө турган митингге кошулуу боюнча “соодалашууну” тактай албай коюшканбы? Бул жагынан кыйла кызыгуулар жаралыптыр. Ал эми биздин маалыматтардан алганда, бийликке нааразычылыгын айтып жүргөн Сыймык Жапыкеевдин амалы алты эшекке жүктөй эле сезилди. Дегенибиз, “чыйпыт генералдын” былтыркыдай рейтинги болбогону, коомчулуктан көп кагуу жегени белгилүү. Мындай шартта таасирдүү оппозициялык күчтөрдүн жоктугу өкүндүрүп, дүрбөлөң салууга бир гана Алмазбек Атамбаевдин шансына ишенип, жашыруун түрдө тарапташтары менен сүйлөшүүгө барганы ачыкталабы? Күзгү митингдер ишке ашпай калган соң, эми парламенттик шайлоонун нааразычылыктарын алдыртан болжоп жатыптыр. Бирок, төңкөрүштөн кийин финполицияны жетектеген Сыймык Жапыкеевдин иши менен сөзү айкашпаганы, саясый чөйрөдөн ордун таба албаганы аксатууда. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” дегендей, былтыркы пандемиядан атын жасаганы менен реалдуу турмушта эч ким эмес экенин көрдүк. Кайрадан митингдер башталса, “дирижерлук” кылуу амалын тилектештерине айтып жүрөбү? Эл кабыл албай турганын сезбейби? 


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн