Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Митингдин катышуучулары: Депутат Г.Асылбаева мандатын тапшырсын (сүрөт, видео)

25.06.2020 11:50
1065
Митингдин катышуучулары: Депутат Г.Асылбаева мандатын тапшырсын (сүрөт, видео)

Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга каршы акция өтүүдө. 


Акцияга катышып жаткан 100дө ашык адам мыйзам долбоорунун демилгечисинин бири - Гүлшат Асылбаева мандатын тапшырышы керек деген талаптарды коюп жатышат.  


Активист Урмат Жаныбаевдин айтымында, депутаттар биринчи окууда документти мыйзамсыз кабыл алышкан. 


Катышуучулар "Сөз эркиндигинен колуңду тарт!", "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.  Ошондой эле, алар "Гүлшат (депутат Асылбаева) мандатыңды тапшыр!" деген ураандарды айтышууда. 


Социалдык тармактын колдоонучулары  дагы бул мыйзам долбоорунун авторлорун мандатын тапшырышын талап кылышууда. 






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн