Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Митингге чыгып кыйкыргандар каалаганын жасай берсе мамлекеттин келечеги кандай болот?

05.02.2021 14:50
967
Митингге чыгып кыйкыргандар каалаганын жасай берсе мамлекеттин келечеги кандай болот?


Акыркы кездери кыргыз эли өтө тартипсиз, бейбаш, мыйзамды сыйлбагана эл болуп баратат. Ачуу болсо да муну моюнга алыш керек. Албетте, баары эмес. Бирок, көпчүлүк мекендештерибиз сабатсыз, катуу кыйкыргандарды гана баатыр катары көрүп, ошолордун артынан ээрчий тургандай абалга кептелдик. Кайсы топ митингге көбүрөөк болуп чыгып, катуу кыйкырса ошолордун айткандары мыйзам болгон кооптуу заманга баратабыз. 


Жакында эле “Караван” соода борборундагы сатуучулар мамлекеттин электрондук системасына каршы чыгып, орундар үчүн эски ыкма менен ижара акы төлөө ыкмасын колдоп митингге чыкты. Муну менен алар реалдуу баа төлөөдөн качып жатканын Мамлекеттик мүлк фонду билдирип жатат. Эгер алар электрондук аукцион менен турган орундарын ала турган болсо 1 метр квадрат үчүн 150 сом эмес, 1 000 сом төлөп калышы мүмкүн. Бул сатуучуларга эмес мамлекетке зыян. “Караван” сыяктуу башка жеке менчик соода борборлорунда буларга караганда эселеп көп ижара берип иштеп жатат. Эгер бул борбор жеке ишкерге караштуу болгондо арагсыз анын талабына макул болмок. Бирок, мамлекетке караштуу болгондуктан күчкө салып митинг менен коркутууда. Мурдагы бийлик да алсыз болуп, ушул маселени жолго коё алган жок.


Эми Ош базарда көчөдө соода кылгандар митингге чыгып жатат. Булардын деле талабы ошол. Бийликти эч ким укпай калды. Топтошуп чыгып катуу кыйкыргандарга каалаганын жасап берип жаман көндүрдүк. Албетте, буга бийликтегилер да күнөөлүү. Андыктан бизге акыйкат башкаруу, бекем тартип, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кыла тургандай учур керек болуп турат. Биз тез арада мамлекетте тартипти камсыз кылбасак мындай көрүнүштөрдүн арты жакшылыкка алып барбайт. 

Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн