Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Митингге чыккан ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары менен өкмөттүн өкүлү жолугушту

25.03.2021 14:15
443
Митингге чыккан ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары менен өкмөттүн өкүлү жолугушту

Жер маселеси боюнча чыккан митингчилер менен Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев жолугушту.


Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.


Аликеев өз сөзүндө 400 үй башка жакка көчүлбөй тургандыгын айтты.


"Биз ЖЭБ башчысын жолугушууга чакырдык. Бул жерге келгениңиздерге рахмат. Жер маселеси боюнча сот болгон. Эмне кылуу керектигин чечебиз. Жер трансформациясы кыска убакытта бүтүп калбайт, 400 үй эч жакка көтөрүлбөйт", — деди Аликеев.


Топтолгондор жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлүнүн сөзүн улам бөлүп жатышты. Кээ бири чиновник бул маселени чече албастыгын айтып, президент Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн