Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Улукбек Мариповдун өкмөт башчы болуп дайындалышына каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөттүн азыркы курамын бекитүү үчүн кол койбоого чакырууда. Ошондой эле алардын өкүлдөрүн кабыл алуусун талап кылышууда.
“Садыр Нургожоевич, биздин беш өкүлүбүздү кабыл алып, оюубузду угуңуз. Биз клоун эмеспиз тарап кеткидей. Эл көбөйө электе элдин үнүн угуңуз”, - дейт Бакай Кашкарбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн