Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Митингге чыккандардын бирин айыл өкмөтү тепти деген маалымат боюнча айыл өкмөтү Пасаңов жооп берди

23.04.2021 16:28
1380
Митингге чыккандардын бирин айыл өкмөтү тепти деген маалымат боюнча айыл өкмөтү Пасаңов жооп берди


Бүгүн, 23-апрелде Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон тарап 3 боз үй тигип, митинг өткөрүштү. 


Митингдин жүрүшүндө айылдык жаран айыл өкмөтү аны тепкенин айтып чыкты. Анын айтымында, Эржигит Пасаңов аны тепкен. 


Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги Эржигит Пасаңовдун өзүнө байлашып, комментарий алды. 


"Мен ал жерде эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым. Бир ак сакал эле киши мени тепти деп бакырып калды. Кантип мен улуу кишини ошончо адамдын алдында тепмек элем. Анын үстүнө ал жерде баары байкалып турса",- деп жооп берди Пасаңов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн