Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мыйзам жазып жаткандар, карапайым калкты унутпагыла

17.05.2021 12:04
1046
Мыйзам жазып жаткандар, карапайым калкты унутпагыла


Учурда элдин калың катмары бийлик органдарынан көз каранды эмес экендиги, өкмөттүн бары же жогуна, анын иштеген же иштебегенине карабай өз оокатын өзү кылып, өз жанын өзү багып жатканы турмуш чындыгы. Бишкекте бийлик миң алмашса дагы баягы эле малын багып, жерин айдап, чөбүн чаап... базарда соодасын кылып... же дагы бир жерде кара жанын карч уруп иштеп жүрүшөт... Мамлекетти мамлекет кылып кармап турган мына ушул мээнеткеч катмар... биздин карапайым жарандар... Ошондуктан "өлкөнү өнүктүрүп жиберебиз" - деп ар кандай стратегия жазып жаткандар мына ушул маанилүү факторду көңүлдүн борборунда кармаштары абзел. Мамлекет тарабынан биринчи кезекте мына ошол өз оокатын өзү кылып жаткан карапайым элдин каржы булактарына доо кетирбегендей, тетирисинче аларга өбөлгө боло тургандай, кирешелеринин туруктуу жана көбүрөөк болушуна огожо боло тургандай чаралар ишке ашырылышы зарыл...


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн