Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мыйзамсыз байыгандар камала баштады, дагы ким мыйзамсыз байыгысы келет?

27.01.2021 10:03
640
Мыйзамсыз байыгандар камала баштады, дагы ким мыйзамсыз байыгысы келет?

Акыркы эки айдай убакыттан бери карай өлкөбүздүн атайын кызматы коррупцияга каршы чыныгы күрөштүн үлгүсүн көрсөтө баштады. Элдин көз алдында эле мамлекеттик жогорку кызматтарда туруп байып кеткендер четинен камала баштады.


Мисалы, кече 26-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен айыпталып, камакка алынганы белгилүү болду. Анын борбор калаадагы көп кабаттуу элиталык үйлөрдө бир нече батирлери, Ысык-Көлдө мүлктөрү бар экени белгилүү болду. Ошондой эле айрым курулуштарга да акча каражатын салганы билинди. Мамлекеттик чиновниктин айлык акысына мынчалык көп мүлктөрдү сатып алууга мүмкүн эмес эле.


Мындан сырткары ал премьер-министр кызматын аркалап турган кезинде «Кумтөр» компаниясына кошумча жер тилкелерин берген документтерге да кол койгону айтылууда.


Өткөн 2020-жылдын соңку айында Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Ал кармалган адам «Нарын» дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтиргени белгилүү болгон. Ал адам Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Ошондой эле Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 26-январда кайрадан кармалганы белгилүү болду. Эске сала кетсек, бул атка минерди финансы полициясы 7-январда Бишкек-Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп камаган. 9-январда Мамыркалиев мамлекетке келтирген зыянынын бир бөлүгүн, тактап айтсак 2,5 миллион сомду кайтарган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.


Ушул эле Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директоруна да мыйзамсыз баюу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. УКМКнын маалыматына таянсак, бул чиновник мамлекеттик кызматта иштеген мезгилинде кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көп сандаган бодо малга ээ болгон. Жалпы чыгымы расмий кирешеден ашат.


Мындан сырткары бир катар соттордун мыйзамсыз байыганын УКМК таап чыкты. Алардын да борбор калаада 20дан ашык батирлери, көл жээгиндеги пансионаттарда коттедждери бар экени, өздөрү үй-бүлөсү менен бат-баттан чет өлкөлөп саякаттап, эс алып жүрүшөөрү белгилүү болгон.


Укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерден пара талап кылган Бажы кызматкерлери да кармалып жатат. Курулуш тармагындагы коррупциялык схемалар ачыкталууда.


Чындай келгенде биздин өлкөдө мыйзамсыз байыган чиновниктер жүздөп саналат. Алардын баары азыр «Кезегим качан келер экен?» деген суроо менен «кыпылдап» отурушканы да түшүнүктүү. Ошолордун баарына бирдей кылмыш иштери козголуп, мыйзам алкагында акыйкат териштирилип, мамлекеттин эсебинен топтогон байлыктары кайра мамлекетке кайтарылып берилсе, өтө чоң иш жасалган болот. Балким, тышкы карыздын тең жарымын ошол мыйзамсыз байыгандардын кайтарган байлыктарынын эсебинен төлөп койсок да болот.


Бүгүнкү күндөгү чечкиндүү коррупцияга каршы күрөш ушул темпинен жазбай уланат деген үмүттөбүз. Буга чейин мыйзамсыз байыган чиновниктердин камалышы кийинки чиновниктер үчүн сабак болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн