Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мыйзамсыз байып, мамлекетке 70 миллион зыян келтирди деген Жогорку Соттун судьясы үй камагына чыкты

20.03.2021 14:23
1919
Мыйзамсыз байып, мамлекетке 70 миллион зыян келтирди деген Жогорку Соттун судьясы үй камагына чыкты

Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралууУКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилүү болгондой, судья келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп берди. "Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө, К.О. Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын судьясы болуп иштеп, жеке максаттарды көздөп, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди кабыл алгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда К.О. көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткен. Тергөөнүн жүрүшүндө К.О. күнөөсүн толугу менен моюнга алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарып берди. Калган 44 миллион сомду 3 ай аралыгында төлөөгө милдеттендирилди. 20-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылды", - деп жазылат маалыматта..

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Маиза
Элдин акысы тешип чыгаарын билген эмес бекен! Эки дуйно тозокто журосун, али шашпа! Тойбос акмак!
Бек
Не пойман не вор,пойман заплати и дальше воруй екен го
Жанара
Эн туура буларды камаганда эмне пайда толотуп миллиондорду чыгарып койо берсин башкалар ойлонуп иш кылат да анан