Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мыйзамсыз иштетилген биологиялык активдүү кошулмалар менен контрафакттык продукцияларды даярдоочу цех аныкталды (Видео)

26.02.2021 11:11
557
Мыйзамсыз иштетилген  биологиялык активдүү кошулмалар менен контрафакттык продукцияларды даярдоочу цех аныкталды (Видео)

КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) тарабынан өндүрүүгө уруксат берген тиешелүү документи жок биологиялык активдүү кошулмалар (БАК) менен контрафакттык продукцияларды даярдоо боюнча жер төлөдөгү цех аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинде каралган (мыйзамсыз ишкердик ишмердүүлүк) кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы 25-февралда Бишкек шаарынын аймагындагы Дон кыска көчөсү дареги боюнча тергөө-ыкчам иш-чарасын жүрүзүүдө аткезчилик продукцияны өндүргөн (БАК) жер төлөдөгү цех аныкталган, анда тазалыкка каршы келген шартта жөнөкөй жол менен төмөндөгүдөй продукциялар жасалып келген: “омега 3-6-9”, “ түстүү ун”, “сейдана майы”, “оливка майы” жана башкалар.

А. жана С. аттуу негизги уюштуруучулар чет өлкөнүн жарандары болгону аныкталды.

Тинтүүнүн жүрүшүндө далилдер (бөтөлкөлөр, этикеттер, даяр продукциялар) алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

“Урматтуу жарандар эгер сиздерге контрафакттык товарларды даярдоо жана сатуу, ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү мыйзамсыз жүргүзүү же укук бузуу фактылары, бизнес жүргүзүүгө кысым көрсөтүү, административдик коркутуулар, коррупциялык көрүнүштөр белгилүү болсо 1955 түз номери боюнча Финполицияга кайрылсаңыздар болот”,-деп айтылат маалыматта.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн