Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мыйзамсыз курал сактоого айыпталган Абдуллаевдин баш коргоо чарасы аныкталды

22.08.2022 10:58
370
Мыйзамсыз курал сактоого айыпталган Абдуллаевдин баш коргоо чарасы аныкталды

Мыйзамсыз курал сактоого шек саналып кармалган ишкер Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин  тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги Биринчи май райондук сотуна таянып билдирди. 


Маалым болгондой, соттун 20-августтагы чечими менен ал 19-октябрга чейин абакта болот.


Эске салсак, УКМК 19-августта сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылымшка шектүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.


Атайын кызмат тараткан кабарда, Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн