Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Мыйзамсыз курулуштар алынып, сейил бакка айланды. Ошто Салиева көчөсү жаңыланды (фото)

01.05.2022 08:48
719
Мыйзамсыз курулуштар алынып, сейил бакка айланды. Ошто Салиева көчөсү жаңыланды (фото)



Ош шаарындагы Салиева көчөсү жана сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, көрктөндүрүлүп, жашылдандырылган соң пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.



Май майрамдарына шаардыктарга белек болгон көчө менен аллеянын ачылышына мэр Алмаз Мамбетов баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков баштаган эл өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. 


“Манас-Ата” МАБындагы Уркуя Салиева көчөсүндөгү жолдун 2 км бөлүгүнө жаңы асфальт басылды. Аны менен катар аллеяда балдар үчүн шарттар түзүлдү. Фонтан, инсталляциялар, балдар аянтчасы жана жарыктандыруу орнотулду. Түнү Кыргызстандын желеги көчөнүн башталышына өзгөчө көрк берип турат. Кошумча эки аялдама жана ажаткана курулган.


Бул түзүлгөн шарттарды узак убакыт пайдалануу үчүн шаардыктарды аяр мамиле кылууга чакырабыз. Ошондой эле видеокамералар орнотулганын эскертебиз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн