Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талантбек Мамытов, ички иштер министри Уланбек Ниязбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана маркумдун жакындары, туугандары, кесиптештери, достору жана санаалаштары катышты.
Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн