Молдовада парламенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу Интерфакс Молдаванын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматына таянып жазды.
БШКнын маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30га карата добуш берүүгө катталган Молдова жарандарынын 33%дан ашыгы добуш берди. Бул шайлоону өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын зарыл болгон минималдуу саны.
Күндүн биринчи жарымында парламенттик шайлоого шайлоочулардын катышуусу салыштырмалуу төмөн болгону байкалган. Бирок түштөн кийин шайлоочулардын активдүүлүгү өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жогорулаган.
Жалпысынан 1-сентябрга карата добуш берүүгө укугу бар 3 млн 299 миңден ашык адам катталган.
Ага ылайык, 2274 шайлоо тилкеси иштеди. Анын ичинен 40 өлкөдө 301 шайлоо тилкеси ачылган.
Шайлоо процессине 1500дөй улуттук жана эл аралык байкоочулар күбө болушту.
Белгилей кетсек, Молдовада жекшембиде парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулар 101 депутатты пропорционалдык система (партиялык тизме) боюнча шайлады. Депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жыл.
Саясий өнөктүктүн алдын ала жыйынтыктары бүгүн жарыяланары айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн