Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Момбеков: Министр айым сүрдөбөш үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырыш керекпи?

22.07.2021 11:41
857
Момбеков: Министр айым сүрдөбөш үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырыш керекпи?
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун карап жатат. Анда документ тууралуу юстиция министри Асел Чыныбаева баяндама жасады.

“Мыйзам долбоору тогуз бөлүмдөн, 36 беренеден турат. Конституциянын 89-беренесинде аткаруу бийлигин президент жүргүзөт деп жазылган. Анын ичинде Министрлер кабинетинин түзүмүн, курамын аныктайт. Ушундан улам мыйзам долбоордо Министрлер кабинетинин курамын дайындоонун жаңы тартиби каралган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөсүн кылмыш жообуна тартуу президенттин макулдугу менен гана ишке ашат”.

Министр айым бир топ депутаттын сынына кабылды.

Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов министр Асел Чыныбаева толкунданып жаткандыгын айтты.

Буга жооп катары Рыскелди Момбеков "Эгер министр айым толкунданып жаткан болсо, Токтайым Үмөталиеваны чакырыш керекпи" деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн