Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Момбеков: Родильный дом – тууткана, публичный дом - кууткана болобу? (видео)

17.06.2020 16:18
1535

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Жыйында «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып жаткан.  Депутат Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө: "Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн аталышы туурабы?", деген суроо менен кайрылды. 


Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү документтин расмий аталышы туулгандыгы тууралуу күбөлүк экенин айтты.


«Мен туура эмес деп эсептейм. Бизде кыргызда айтат, уюм тууду, итиң тууду, уюм тууп, ууз ичип жатам деп. Аял кишиге антип айтпайт да. Келиниң төрөдүбү, кызың төрөдүбү, байбичең көз жардыбы дейт. Анан кандай болуп калат бул. Бизде анда родильный домду тууткана, публичный домду кууткана деп айтышыбыз керекпи? Кой тууйт, кочкор кууйт. Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк деп айтсак болбойт беле? Бизде төрөткана дейт да, тууткана дебейт. Ушуну ылайык келтирбейсиңерби. Туулду деп малды айтат», - деген Момбеков мыйзам долбооруна оңдоо киргизүүнү сунуштады. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн