Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистти сабаганы тууралуу маалыматтар интернет желесинде айтылган. Буга байланыштуу депутат өзү билдирүү таратты.
Анын айтымында, бул окуя атайын шайлоо алдында даярдалган чагымчылдык.
"Мен эч ким менен муштушкан эмесмин. Эч кимди сабаган да эмесмин. Ош базарынан өткөндө жанагы унаа менин унаамды кысып өттү. Анан мен капталдап өтүп "Чакчаңдабай, акырын жүрбөйсүңбү?!" десем, мени сөгүп кирди. Окуянын баары менин унаамдын камерасына жана коопсуз шаардын камераларына тартылган. Мен ал жерде күнөөлүү эмесмин. Бул болгону шайлоо алдындагы чагымчылдык",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн