Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп, уюмга кошулган мамлекеттерге товарларын тоскоолдуксуз экспорттой турганы боюнча убада сөз жүзүндө калып келет. Бул бирикмеге кошулганыбыздан бери “кодуланып”, өтө аз көлөмдө өндүргөн товарларыбызды да “дос” мамлекеттерге кеңири экспорттой ала албай келебиз.
Акыркы жылдары Казакстан болбогон шылтоолор менен биздин мамлекеттен экспортко чыккан жашылча-жемиштерди, кийим-кечелерди 10 күндөп чек арада кармап, далай ишкерлерибизди сызга олтургузду. Буга чейин тиешелүү сертификат, лабороториялык жыйынтыктарды шылтоолосо, акыркы кездери “Кытайдан келген контрабанда” деген жүйөсүн бетке карманууда. Бирок, Кытайдан уюмга агылган товарларынын 75 пайызы Казакстан аркылуу кирип жатканын айткысы келбейт.
Жыл сайын Кыргызстанда эрте жазда эгилген жашылча-жемиш бышып, аны сыртка сатууга келгенде казактар болбогон шылтоосун айтып, бизге бут тосот. Дыйкандарыбыз өндүргөн тез бузулуп кетүүчү жемиштер Кордайга жетпей чирип кетүүдө. Коңшулар быйыл да ушул адатын кылды. Анын натыйжасында кокон гилас, өрүк, бадыраң, капуста сыяктуу жер-жемиштер чирип, ишкерлер өтө чоң чыгымга дуушар болду. Эми Кыргызстан эрте быша турган жемиштерин түгөтүп алгандан кийин чек арасын ачып жатат. Эмне үчүн? Анткени, коңшу мамлекетке суу керек. Алар мөмө-жемиштерин өстүрүп Россияга, андан ары Европага экспорттошу зарыл.
Экономика министри Санжар Мукамбетов чек арадагы соңку абал ЕАЭБдин аткаруучу органы болгон Экономикалык комиссиянын жыйынында караларын 9-июнда билдирген эле. Министр Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып бул жыйында көйгөйгө көңүл бурулбаса, кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барарын эскерткен.
10-июнда “эс алып” жүргөн өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Абылгазиев пайда боло калып, казак кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара ачылары маалым болду. Болгондо да эки өлкөнүн ортосундагы бардык бекеттер иштей баштайт экен. Өкмөттүн маалымат кызматы мындай сунуш казак өкмөт башчысынан түшкөнүн кабарлады. Демек, сунуш берип, демилгени колго алган казактарга ири көлөмдө кыргыздын суусу керек.
Кыргызстандын бийлиги мажирөө болгонду токтотуп, коңшуларга өздөрүнө жараша мамиле кыла турган учур келди. Ошондуктан аймакты кургакчылык каптап, быйылкы жылы суу аз болуп турганда казактарга суу берүүнү кыскартыш керек. Алардын да мөмө-жемиштери кургап, чыгым тартып көрсүн. Түшүнсө, кийинки жылы мындай жолго барбайт. Туурабы?
Сагын Түрсүнкулов
Пикирлер (3)