Монголияда бүгүн жаңы расмий майрам – “Бурхан багшийн Их дуйчин Өдөр” майрамы белгиленүүдө. Бул аталыш кыргыз тилине которгондо Шайкештиктин улуу күнү деп айтылат. Бул күнү Будда жарык дүйнөгө келген, көзү ачылган жана нирванга кеткен.
Жалпы буддалардын майрамы катары жайдын биринчи толгон айында белгиленет. Сингапурда, Лаосто, Таиландда, Индонезияда жана Мьянмада – расмий мамлекеттик майрам болуп эсептелет. Эми Монголияда белгиленүүдө. Мындай чечимди өткөн жылы Монголиянын парламенти кабыл алган. Индустар бул айды санскр, вишакха, пали весак деп аташат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн