Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Монголия Бишкекке түз аба каттамын ачууга ниеттенип жатат

19.02.2020 09:53
649
Монголия Бишкекке түз аба каттамын ачууга ниеттенип жатат




Монголиянын улуттук авиакомпаниясы Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор багыты боюнча түз каттам ачууга ниеттенип жатат. Бул тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Монголиянын тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар менен жолукканда белгилүү болду. Эки министр Мюнхен коопсуздук конференциясынын талаасында жолуккан учурда 2020-жылга биргелешкен иш-чаралардын календарын, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды талкуулашты. “Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу күн тартибин карап чыгышты. Монголиянын президенти Х.Баттулганын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык Комиссиясынын 3-отурумунун жыйынтыктары боюнча пикир алмашышты”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.


Жолугушуу соңунда Цогтбаатар Айдарбековду Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн