3-күндөн бери Монголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы нааразылык акциясы бүгүн күч алды.
Чет элдик маалымат каражаттары аркылуу тараган видеолорго таянсак, нааразы болгон тарап "Өкмөт сарайына" чабуул койгон.
Элдин нааразылык акциясына чыгышынын себеби Монголиядан Кытайга экспорттолгон көмүр болууда. Анда Монголия экспорттогон көмүрдүн көлөмү менен Кытайдын көрсөткүчтөрү бири-бирине дал келген эмес. Мындан улам Кытай тарап коррупцияга барган адамдарды өлүм жазасына тарткан.
Ал эми монголиялыктар 12 миллиард доллар коррупцияга тиешеси бар чиновниктерди жарыялоону жана жазага тартууну талап кылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн