Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Монголиянын Дундговь аймагында уран кендерин чалгындоо токтотулду

18.06.2020 20:09
661
Монголиянын Дундговь аймагында уран кендерин чалгындоо токтотулду


Монголия Дундговь аймагынын төрт сомонунда уран кендерин чалгындоону токтотту. Буга чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Гурвансайхан” компаниясы тарабынан радиациялык коопсуздук чараларын сакталбагандыгы себеп болду. Ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча инспекция компания коопсуздук стандарттарын сактабай, радиациялык нурлануулардын чыгуусуна жол берип жаткандыгын аныктаган.


Натыйжада, аталган компания Олзийт, Баянжаргалан, Гурвансайхан жана Өндөршил сомондорунда уран чалгындоого алган үч лицензиясынан ажырады.


“Гурвансайхан” компаниясынын 70% активи канадалык “Денисон майнз” компаниясына, 15%ы россиялык “Атомредметзолото” мамлекетик компаниясына, калганы Монголиянын өкмөтүнө таандык.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн