Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Монголиянын мурдагы маданият министри шайлоодо утулган Демократиялык партияны жетектегиси келет

25.06.2020 15:02
1095
Монголиянын мурдагы маданият министри шайлоодо утулган Демократиялык партияны жетектегиси келет


Монголияда кечээ, 24-июнда өткөн парламенттик шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон Демократиялык партиянын ичинде жаңжал чыкты. Партиянын 100дөн ашык жаш мүчөлөрү партияны реформалоону талап кылышууда.


Демократиялык партиянын башкы эрежелерине ылайык, партия парламенттик шайлоолордо көпчүлүк мандатка ээ боло албаса, анын төрагасы жана орун басарлары отставкага кетиши керек.


Ошондуктан, жогоруда сөз болгон жаштар тарабынан түзүлгөн убактылуу атайын комитет партиянын төрөгасынын отставкасы боюнча чечим кабыл алуу үчүн улуттук саясат комитетинин кезексиз жыйынын токтоосуз өткөрүүнү талап кылууда. Ал эми өлкөнүн мурдагы маданият жана спорт министри, парламенттин мурдагы депутаты Ц.Оюунгэрэл партиянын төрагасын мен дайындайм деп айтты.


“Биздин партияда эч качан аял жетекчи болгон эмес. Ошондуктан, мен өзүмдү партиянын жетекчиси кызматына тартынбастан көрсөтөм. Жаңы төраганы дайындоого 90 күн убакыт берилет. Жаңы төрага 24-сентябрга карата белгилүү болот. Биздин партияда ар кандай жеңилүүлөр үчүн лидер жоопкерчиликти тартат деген эреже бар”, - деп айтты экс-министр.


Кошумчаласак, Ц.Оюунгэрэл Свердловскидеги Эл чарба институтун, Москва эл аралык бизнес институтун, Стэнфорд университетин жана Йель университетин экономист-саясат таануучу адистиктери боюнча аяктаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн