Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 09:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Монголиянын президенти бүгүн шайлоо участогуна улуттук кийимчен келди

24.06.2020 20:30
1097
Монголиянын президенти бүгүн шайлоо участогуна улуттук кийимчен келди


Бүгүн, 24-июнда Монголияда эсеби боюнча 1992-жылдан берки сегизинчи парламенттик шайлоолор өтүп жатат. Парламентке 76 депутат шайланышы керек болсо, 15 саясий партиянын 606 талапкери аталган сандагы мандат үчүн ат салышууда.


Монголиянын Мамлекеттик каттоо кызматы 2,1 миллион шайлоочу добуш берүүгө катыша тургандыгын жарыялаган, ал эми өлкөдө 3,3 миллион адам жашайт.


Шайлоочулардын 1 миллионго жакынын 25тен 45 жашка чейинкилер, 740 миңин 45 жаштан жогору курактагылар жана 324 миңин 18ден 24 жашка чейинки курактагы жаштар түзөт.


Шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн 21 аймагында жана борбор калаа Улан-Батордун 9 районунда жалпысынан 2070 шайлоо участогу түзүлгөн. Өлкө президенти Халтмагийн Баттулга таң эрте борбор калаанын Баянзурх районундагы №48-мектепте жайгашкан шайлоо участогуна улуттук кийимчен келип добуш берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн