Баш оона 21, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Монголиянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет

27.06.2025 14:10
142
Монголиянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет


Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол комиссиясынын бешинчи отурумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.


Анын айтымында, өкмөттөр аралык комиссиянын бул жыйыны Монголиянын башчысынын иш сапарынын алдында өтүп жатат. 


Төраганын орун басары сапардын так даталарын атаган жок, бирок бул сапар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.


Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан Монголиянын президентинин алдыдагы сапары өтө маанилүү экенин, анткени аны Монголиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана ишкерлер коштоп келерин, бул эки өлкөнүн бизнесинин ортосундагы байланыштарды түзүүгө жардам берерин айтты. Бул сапардын эки өлкө үчүн саясий жана экономикалык жактан да аспектилери бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн