Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды

21.07.2023 15:50
688
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чарада аймактык түзүмдүн жетекчилеринин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы угулду жана ыйгарым укуктун алкагында тийиштүү тапшырмалар берилди. Өзгөчө социалдык маанидеги товарлардын бааларын турукташтыруу боюнча маселелер каралды.

Жыйынга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков жана президенттик администрациянын өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн